Кыргызстанда 18-кылым: Биринчи май айылынын эли таза сууну коңшу мамлекеттен “уурдашат”, зардалылыктар электр жарыгы, телевизор эмне экенин билишпейт

Мезгил. 

“Зарыл ишиң болбосо, Зардалыга эмне бар” деп, кыргызча макал менен кебин баштаган депутат Ирина Карамушкина Баткен облусуна караштуу, алыскы айылдын маселелерин Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрдү.

Ал премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге түз кайрылаарын белгиледи. Айтымында, жакында Баткендин аталган айылында болуп кайткан.

“Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар” деген макалдын маанисин мен эми түшүндүм. Ал жердеги биздин жарандар 18-кылымдын күнүн көрүшүүдө. Электр, телевизор деген жок, уюлдук телефон такыр болгон эмес. Дагы жакшы, Баткен окуясынан кийин чегара бөлүмү ачылып, жергиликтүу эл ооруп калса, ошонун фельдшерине кайрылышат экен”, – деди депутат.

Ал өкмөт башчыга чакырык таштаарын белгиледи:

“Аял башым менен бул Кудайдан унут калган тээ бурчтагы айылга барып келдим. Эми сиз да өкмөт башчы катары барып, элдин маселесин өз көзүңүз менен көрүп келиңиз. Ошондо, Кыргызстандын тарыхындагы Зардалыга барган биринчи өкмөт башчысы болуп каласыз”.

Ошондой эле, депутат Ала-Бука районунун Биринчи май айылынын эли Өзбекстан суу “уурдап” ичүүгө аргасыз болуп жатканын айтты.

“Мени күч менен машинеге салып, кыргыз-өзбек чегарасына алып барышты. Бул көйгөйүбүздү көрмөйүнчө биз сизди туткунга алабыз дешти. Эки мамлекеттин ортосунда тосулган зымдын бир жерин оюп коюшуптур. Ошол жерден түнү коңшу мамлекетке өтүшүп, ичүүчү таза суу ташып чыгышат экен. Кокус чегарачылар көрүп калышса, ар бир чакага 500 сомдон айып салышат, болбосо камакка алышат. Эмнеге ушул убакка чейин шлюзга Өзбекстан ээлик кылат?” – деди Карамушкина.

Айтымында, Биринчи май айылынын эли таза сууга муктаж. Саз аралашкан жерден алынган кир сууну күнүмдүк тиричиликке пайдаланышат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *