Мезгил
Чыгарылган датасынан тартып 25 жылдан ашкан аба кемелерин Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргызстандын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизилүүчү жүк аба кемелерин чыгарылган датасына карата чектөө жана ага байланыштуу колдонуу мөөнөтү кайра каралып чыкты.
Документ жарандык авиацияны өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын аймактарынын калкына товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынды.
Бул чечим Кыргыз Республикасынын жүк аба кемелери тарабынан жүргүзүлгөн өлкөнүн товар жүгүртүүсүн жогорулатып, авиациялык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана чет өлкөлүк авиакомпаниялар менен күчтүү атаандаштык түзүүнү шарттайт.