Мезгил
Бүгүн, 23-майга карата Кыргызстанда дагы 15 адамдан коронавирус аныкталса, 8 бейтап айыкты. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, жаңы бейтаптар Бишкек шаарында, Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1365 адамга жетти. Акыркы суткада 8 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.
Жаңы катталган бейтаптар:
– Бишкек шаарында 3 адам + 9 Санкт-Петербургдан келген адам, курсанттар;
– Чүй облусунда 1 адам;
– Ош облусунда 1 адам;
– Жалал-Абад 1 адам.
Жаңы айыккан бейтаптар:
Бишкек шаарында 4 адам;
Нарын облусунда 2 адам;
Жалал-Абад облусунда 1 адам;
Ош облусунда 1 адам;