Кыргызстанда дагы 17 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу эртең мененки онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Сутка ичинде Бишкек шаарынан 7, Ош шаарынан 5 жана Нарын облусу – 4, Жалал-Абад облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 675 бейтап айыкты.