Мезгил
Кыргызстанда дагы 23 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Коронавирустан 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 15, Ош шаарында – 8 бейтап. Ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыкты. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 637ге жетти”, – деди Үсөнбаев.