Мезгил
Кыргызстанда дагы 9 адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Жаңы айыккан бейтаптар:
- Бишкек шаарында 5 адам;
- Ош шаарында 1 адам;
- Ош облусунда 2 адам;
- Нарын облусунда 1 адам.
Муну менен Кыргызстанда жалпы 735 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.