Кыргызстанда иштеп жаткан чет элдиктер казынага канча каражат төгүштү?

   Мезгил

Өлө албай жүрүп өлөң айтат деген ушул биз болсок керек. Өзүбүздүн жаштарыбыз чет мамлекеттеп мигрант болуп жүрсө, бул жакта калган өлкөбүздү да мигранттар каптап келет. Эми бир чети аларга ич күйдүлүк кылып, наныбызды аяган дел кудайга жакпаган жоорук болсо керек. Болгону Кыргызстанда мыйзамдуулук, тартип сакталса экен деген тилегибиз бийик. Кыргыз мигранттары менен Кыргызстандагы мигранттардын айырмасы асман менен жердей экен, салыштырып карасак.

Кыргызстандык мигранттардын чет мамлекеттерге агылып жатышынын башкы себеби атың өчкүр акчада эле. Кыргызстанда 1 айда орточо 30 доллардан 200 долларга чейин иштеп таба ала турган болсоң, Түркияда 500 доллардан жогору, Россияда 500-700 доллар табууга болот. Деген менен четке чыгып иштеп келүү үчүн буга чейин бийликтин ал өлкөлөрдүн бийлиги менен түзгөн келишимдери, алакалары, аз да болсо кыргыз мигранттарына башка өлкөнүн мигранттарына салыштырмалуу жеңилдиктерди түзүп бергендигине алкоо айтышыбыз керек. Чет жакка мигранттардын агылышынын бир себеби окуп-билим алуу, ашпозчулук, куруучулук ж.б. эл турмушуна өтө зарыл болгон өнөрлөрдү үйрөнүп келүү да болуп саналгандыгын унутпашыбыз керек.

2019-жылы Кыргызстанда иштеп жаткан мигранттар 80,5 миллион сом төлөштү, 2018-жылдын ушул мезгилинде 38,6 миллион сом түшкөн эле. Былтыкы жылга салыштырмалуу акча каражатынын көп түшүшүнүн бир себеби ушул жылдын 16-апрелиндеги КРдагы эмгек миграциясына өкмөт тарабынан токтомго өзгөртүүлөрдүн киргизилишине байланыштуу болду. 

2018-жылы 130 Өзбекстандык жаран жумуш иштөөгө уруксат кагазын алса, 86 Тажикстандык жаран жумуш иштөөгө уруксат кагазын алган. Талдоочу топтун сунушу менен Кыргызстандагы эмгек мигранттары болжол менен айына 500 сомго патент алышат. Албетте бул сумма аз. А бирок аны көбөйткөн учурда мыйзамсыз иштердин көбөйүшүнө жол ачылат. Чет элдик мигрантты жумушка алган юридикалык тарап 4 000 сом, ал эми жеке тарпатар 2 000 сом төлөйт учурда. Бул мигранттын чөнтөгүнөн төлөнбөйт. Албетте бул үчүн тиешелүү документер берилет. Эгерде жаңы мыйзам иштей турган болсо юридикалык жана жеке тараптар акча төлөбөй эле, мигрант өзү 10 миң сом төлөп, 1 жылга уруксат кагазын ала алат. Албетте ВИЧ/СПИД, кургак учук оруулары жоктугу боюнча маалым кат талап кылынат. Ошондой эле иштөө үчүн патенти жок мигрант 10 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөйт. Учурда айып пулду мыйзамсыз жүргөн ар бир күнүнө карата алуу боюнча доолбоор иштеп жатат.

Ошондой эле чет өлкөлүк мигрантты жумушка кабыл алган ишканада 80% жергиликтүүлөр, 20 мигранттар эмгектенүүсү зарыл. Эгерде ишканада мигранттардын саны 20%дан аз болсо 6 миң сом, 20%дан көп болсо 20 миң сом төлөнүшү мүмкүн. Учурда Кыргызстанда иштеп жаткан мигранттардын так саны белгисиз. Бирок ага карабай, казынага түшчү каражатты бир аз болсо да көбөйтө алдык.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *