Кыргызстанда мартта күйүүчү май кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда мартта күйүүчү май 9-10 пайызга кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу мунай ташуучулар ассоциациясынан белгилешти.

Маалым болгондой,  мындай алдын-ала болжолдоо Республика аймагында күйүүчү майга болгон суроо-талапты жана Россиядагы заводдордогу бааларды анализдегенден кийин чыгарылды.  Аталган мекемеден белгилешкендей, баанын кескин кымбатташына жол бербөө боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

Белгилеп кетсек, учурда күйүүчү май сатуучу жайларда орточо эсеп менен бензиндин литри 38 сомго бааланууда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *