Кыргызстанда орточо айлык 16 миң 200 сомду түзөт

  Мезгил

Кыргызстанда орточо айлык 16 миң 200 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдирди. 

 Бул жылдын биринчи жарымына карата берилген маалымат. 

Маалыматка ылайык, эң эле чоң маяна каржы тармагынын жумушчуларында – 34 миң 800 сом, тоо-кен казуу тармагындагыларда – 31 миң 700 сом жана маалымат, байланыш жаатында эмгектенгендер айына 31 миң 500 сомдон алышат.

Ал эми эң аз маяна маданият, айыл-чарба, саламаттыкты сактоо, социалдык тейлөө тармагынын кызматкерлеринде. Алардын айлыгы 9 -15 миң сомдун тегерегинде.

Белгилей кетсек, былтыр ноябрь айында Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы бир айдагы орточо эмгек акынын өлчөмү 15 752 сом (226 доллар) сомду түзгөнүн кабарлаган. Ал эми 2017-жылы болсо бул көрсөткүч 14 800 сом болчу.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *