Кыргызстанда туризм агенттиги түзүлөт

Мезгил
Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча агенттик түзүлөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Маалым болгондой, учурда Маданият министрлигинин алдында туризм Департаменти иштеп жатат. Аны жоюп ордуна өз алдынча агенттик түзүү каралып жатат.

«Эгерде биз туризмди өнүктүрүүнү кааласак, бул тармак менен алектене турган орган керек. Ар түрдүү варианттар каралып жатат. 3-Көчмөндөр оюндарынан алган эффектти коротуп албашыбыз керек», — деди Кубатбек Боронов.

Айтымында, жаңы агенттик жылдын аягында түзүлүшү мүмкүн.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *