Кыргызстанда желим баштыктарды кайра иштетүүгө салык киргизилет

   Мезгил

Кыргызстанда  пластикалык жана полимердик баштыктарды кайра иштетүүгө салык киргизилет.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан  билдиришти. 

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоордун негизги максаты – акырындап кагаз баштыктарына өтүү.

 Желим  баштыктар жерде чирибейт, ал эми өрттөгөндө абага уулу заттарды бөлүп чыгарат. Пластикти кайра иштетүүдөн алынган салыктар калдыктарды жөнгө салуу системасын өнүктүрүүгө жумшалмакчы.

Эске салсак, пластикалык баштыктар дүйнөлүк деңгээлдеги эң курч экологиялык көйгөй болуп саналат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *