Коопсуз шаар: Жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк жарандарга чек арада айыппул салынат

   Мезгил

Кыргызстанда жол кыймылынын эрежелерин бузган чет өлкөлүк жарандарга чек арада айыппул салынат.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 Маалым болгондой, камера чет өлкөлүк номурдагы унааларды каттоого алып турат.

 Машинелер Кыргызстан аймагына киргенде, алардын номурлары бирдиктүү тышкы миграция базасына киргизилет. Андыктан, аларды аныктоо кыйынга деле турбайт. Айыптарды төлөө ыңгайлуу болушу үчүн, чек ара өткөрүү түйүндөрүндө терминалдар орнотулат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *