Кыргызстандагы АКШнын агенттеринин Кой-Таштагы окуяга тийешеси бар…

Мезгил

Сапар Исаков, Равшан Жээнбеков, Адил Турдукулов, Нурбек Токтакуновдор АКШ БЧБсынын сыноодон өткөн агенттери

Орустардын «Русская Весна» сайты (макаланын түп нускасы) Кыргызстан тууралуу кызыктуу материал жарыялады. Анда Сапар Исаков, Равшан Жээнбеков, Адил Турдукулов, Нурбек Токтакуновдордун АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы (БЧБ – ЦРУ) менен болгон байланыштары тууралуу жазылып, фото далилдер менен бирге коштолгон. Мекендин кызыкчылыгын акчага айлантып, БЧБга маалымат жеткирип турган кыргыз агенттери тууралуу жазылган материалдын котормосун сиздердин назарыңыздарга сунуштайбыз. 

Кыргызстанда төңкөрүш уюштурууну даярдаган БЧБнын торчосунун бети ачылды

Кыргызстанда төңкөрүш уюштурууну даярдаган БЧБнын штаттык кызматкерлери жана агенттердин тобу аныкталды. Алардын 7-8-августтагы Кой-Таштагы 100дөн ашуун киши жабыркап, атайын кызматтын 1 офицери өлтүрүлгөн окуяларга тиешеси бар.

Биз журналисттик иликтөөнүн натыйжасында чогултулган фамилия, дарек жана такталган маалыматтарды жарыялайбыз. Бул жарыяланган материалдар Кыргыз Республикасынын компотенттүү органдарына кайрылуу катары жолдонду деп саналышын өтүнөбүз.

«The Nationa lEndowment For Democracy» (NED) америкалык мамлекеттик фондунун кызматкерлерин ушул жылдын май айында Бишкекке болгон сапары тууралуу маалымат түштү. Кепти өз түзүмдөрүндө постсоветтик өлкөлөр боюнча иш алпарган Джозефе Белл жана Спаска Гатзинска тууралуу баштасак.

Бизде алардын NEDдеги аткарган кызматы БЧБ менен болгон байланышты жашыруу үчүн түзүлгөн деген пикир бар. Гатзинска – 2000-жылдан бери штаттагы кызматкер. Сербия жана Молдовада түстүү ыңкылапты даярдоо боюнча иштеп, тажрыйба топтогон. 

Белл 2011-жылы тыңчылык карьерасын баштаган. Борбордук Азия мамлекеттеринде Өкмөттүк эмес уюмдардын атына жашырынып алып бир нече жыл иштеген. Алардын Кыргызстанга келиши учурдагы бийликтин кармалып турушуна шарт түзүү болгон.

2019-жылдын 6-майынан 12-майына чейин Бишкек шаарында болуу менен америкалык агенттер бир катар жергиликтүү саясатчылар жана ӨЭУлардын жетекчилери менен жолугушкан. Алардын ичинде КСДП партиясынын оппозициялык канатынын мүчөсү – Адил Турдукулов, экс-депутат – Равшан Жээнбеков, жактоочу – Нурбек Токтакуновдор болушкан.

Адил Турдукулов Алмазбек Атамбаевдин КСДП партиясынын оппозициялык канатын жетектеген. Бул партиянын Атамбаевди колдогон тарапташтары 7-8-августта бир канча киши жабыркаган башаламандыктарды уюштурган.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш айылында күч органдары менен Атамбаевдин тарапташтары кагылышкан учурда ал жерде болгон. Ал тургай бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн учурда катышып турган. Америкалык тыңчылар менен болгон маегинде ал жеңиштен кийин (Атамбаевдин 3-революциясы) премьер-министр болгусу келгендигин билдирген.

Турдукулов менен Жээнбековдун 2014-жылы Кыргызстанда баш аламандык уюштуруу ишине тиешеси болгон. Батышчыл саясатчылардын тобу менен бирге алар 2015-жылы Бишкек, Талас, Ошто баш аламандык уюштуруп, бийликти кулатуу аркылуу өлкөнү ЕАЭШ жана ЖККУдан чыгаруу максатында болгон. Булардын максатын бийлик тарап билип калган учурда иш үзгүлтүккө учурайт. А бирок жумуш үчүн бөлүнгөн акчаны өөнөп калууга жетишишет.

Башаламандык уюштурабыз деген кутумчу топтун мүчөлөрү АКШнын БЧБ өкүлдөрү менен жолгушуп турушкан. Гатзинскадан мурда NEDде Мариам Ланский иштеп турган. КРдагы АКШ элчилигинин саясий-экономикалык бөлүмүн Джеймс Моррис жетектеген. Биздин маалыматтар боюнча Морис БЧБнын Бишкектеги резидентинин ролун аткарып, дипломатиялык калкалоодо болгон. 2015-жылдагы төңкөрүш максатына жетпей калгандан кийин Тибилисиге которулат.

Мористин байланыштарынын арасында жактоочу Нурбек Токтакунов да бар болгон. Токтакуновдун 2015-жылы июнда шаардын борбордук аянтында оппозициялык акциянын өткөрүлгөндүгү боюнча Мориске отчёт берип жаткан учурундагы материал ЖМК аркылуу тараган. Бул чуулгандуу окуяга карата кезегинде кылмыш иши козголбой калган.

Анткени Мористин кол тийбестиги болсо, Токтакунов бул окуя болордон бир ай алдың эле «психикалык ооруум бар» деп догдурлардан маалым кат алып, даярданып койгон эле (Азыр психикалык оорусу бар Токтакунов Сапар Исаковду кантип коргоп жатат болду экен?).

Тыңчылыкка дилгирленүү

Турдукулов, Жээнбеков жана Токтакуновдор – АКШнын сыноодон өткөн агенттери.

Равшан Жээнбеков 2013-жылы ошол эле NEDдин акчасына Киевге барып, Майдан аянтындагы баш аламандыктарга катышкан. Киевде аны «Удар» тобу тосуп алган. «Удар» тобунун арасында Казакстандагы баш аламандыктарга тиешеси болгон лидер, гей-журналист Портников да болгон. (Равшан Жээнбеков эмне эле гейлерди, феминисттерди колдойт десе, кептин төркүнү бул жакта жаткан тура).

Ал эми 2014-жылы анын жардамчылары украиналык «Оңчул сетор» менен Кыргызстанга милиция кызматкерлерине каршы туруу, барикадаларды түзүү, көчө мушташынын тактикасын үйрөткөн инструкторлорду жиберүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Ал эми 2019-жылы болсо Жээнбеков 4 жыл мурда бийликтен кулаткысы келген Атамбаевдин тарапташтарына ыктай баштайт. Ал Атамбаевге кошулгандан кийин оппозициянын аракеттери ыкчам түрдө курчуй баштайт. Мунун натыйжасында Кой-Таштагы окуялар жандана баштаган.

7-августтан 8-августка караган түнү Равшан Жээнбеков милиция жана пресса үчүн «Альфанын» 6 жоокерин барымтага алган оппозиционерлердин койгон талаптарын айтып чыккан. А бүгүнкү күндө болсо ал баш 7-8индеги баламандык иши боюнча күбө катары гана суралып жатат.

Нурбек Токтакунов болсо бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын тарыхындагы алгачкы жолу жогорку кызматта иштеген америкалык агент, премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу болуп отурат.

2009-жылы Сапар Исаков Бакиевдин президенттик апаратынын кызматкери болуп туруп орус-кыргыз мамилелери тууралуу маалыматтарды АКШ элчиси Татиана Гфеллерге жеткирип турган. Сапар Исаков берген маалыматтар элчиликтин документтеринде «бекем коргоого алынган булак» катары белгиленген. Жаңы президент аны коррупция иши боюнча камакка алды. Бирок АКШ Сапар Исаковду эсинен чыгарбайт.

2019-жылы майдагы жолугушууларда А. Турдукулов, Р. Жээнбеков, Н. Токтакуновдор Гатзинскадан Кыргызстандын Америкага ыктаган оппозициясынын багытын бекемдөө боюнча тапшырма алышат. Тагыраак айтканда БЧБ өкүлдөрү батышчыл ӨЭУларды (НПО) бирдиктүү оппозициялык фронтко топтолуп, түштүктүк президент Сооронбай Жээнбековго каршы түндүк кыргыздарынын башын бириктирүү боюнча тапшырма беришет. Бул нускоодон соң 2 айдан кийин мурдагы жана азыркы президенттердин ортосундагы мамиле татаалдашып, 7-8-августтагы окуялар келип чыгат. Бийлик абалды жөнгө сала алды, бирок, курмандыктардан кыйгап өтө алган жок.

Билдирүү

 Макалада жогоруда келтирилген фактылардын негизинде Кыргызстандын компетенттүү органдары 2019-жылдын 7-8-августундагы башаламандыктарга БЧБнын агентеринин салымы тууралуу текшеришсе. Алар 2013-2015-жылдары АКШ элчиси Моррис тарабынан уюштурулуп, америкалык чалгындоонун кураторлору Белл жана Гатзинкадан саясий буюртмаларды алып турушкан. Биз бул кишилер «Альфа» тобунун офицери Үсөн Ниязбековдун өлтүрүлүшүнө жана башаламандыкты козутууга жоопкер деп эсептейбиз. Мындан сырткары АКШ бүгүнкү күндө КМШ өлкөлөрүнүн ички иштерине одоно түрдө кийлигишүү жасап келүүдө.

Бийликтин иликтөө жүргүзүүсү жеңил болушу үчүн биз негизги фигуранттар боюнча негиздүү маалыматтарды келтирдик. АКШнын атайын кызматтарынын жеке маалыматтары жашыруун болгондугуна карабастан, алардын туугандары аркылуу кирүүгө мүмкүн болгон ачык маалымат базалары аркылуу материалдарды чогулттук.

Спаска Гатзинска (Spaska V. Gatzinska), 1981-жылы туулган. NEDдин Евразия боюнча аймактык директорунун коргоосу астында. БЧБ менен 2000-жылдардан бери кызматташат. Турмуш кура элек.  CarrollStreet 255, Apartment 357, Washington D.C., 20012–2082- дарегинде жашайт. Ошондой эле: 42Street, 320 E, New York City 10017–5962 (үй ата-энесинин атына катталган) дарегинде жашашы да мүмкүн.

Джеймс Майкл Моррис (James Michael Morris). Биографиялык маалыматтары жок. Мамлекеттик департаменттин коргоосу алдында иштейт. Үй-бүлөлүү (жубайы Кристин Робертс), эки баласы бар. Төмөнкү дарек боюнча жашайт: Reservoirroad 4640, Washington D.C. 20007–1917.

Джозеф «Джефф» Белл (Joseph «Jeff» Bell), болжолу 1990-жылдары туулса керек. БЧБда 2011-жылдан бери. «Жаңы Евразия фонду» жана NEDдин коргоосу астында. Үй-бүлөлүк абалы жана жашаган дареги боюнча маалыматтар жок. Болжолу Вирджинияда туулган.

Равшан Бабырбекович Жээнбеков, 1970-жылы туулган. 1997-жылы биринчи жолу АКШнын атайын кызматтары менен байланышкан. 2014, 2016, 2019-жылдары Бишкектеги жана Украинадагы Евромайданда башаламандыктарды уюштурууга катышкан.

Адиль Ильясович Турдукулов, 1981-жылы туулган. 2003-жылы биринчи жолу АКШнын атайын кызматтары менен байланышкан. 2014-жылдагы ишке ашпай калган төңкөрүштүн катышуучусу.  КСДПда ӨЭУлардын линиясында маалымат жыйноочу жана таасир берүүчү агент катары иш алпарат.

Нурбек Акбарович Токтакунов, 1970-жылы туулган. 1998-жылы биринчи жолу АКШнын атайын кызматтары менен байланышкан. Таасир этүү агенти, жана иштердин юридикалык жагына жооптуу. 2015-жылы психикасы бузулгандыгы тууралуу аныктама (справка) алган.

Ян Остроумов, атайын «Русская Весна» үчүн

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *