Кыргызстандагы банктар баяны

     Мезгил

     Кыргызстанда банктардын басымдуу бөлүгү толук же жарым-жартылай чет элдик капитал менен иштейт. Алардын ичинде Казакстан, Пакистан, Швейцария, АКШ сыяктуу мамлекеттердин капиталына иштеп жаткан банктар да бар. Учурда өлкөдөгү бакнтардын саны 24. Алардын ичинен “РСК Банк” жана “Айыл банк” толугу менен мамлекетке тиешелүү. “Керемет Банк” болуп аты өзгөртүлгөн “Росинбанктын” 95% акциясы Улуттук банктын карамагында. Ал эми “Евразиялык Сактык Банкынын” 56,58%, “Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкынын” 10% акцияларына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылат.

Банктар тууралуу кыргыз ЖМКсына жарыяланган материалдарга таянып, алар тууралуу аз да болсо маалымат берип коюуну туура таптык.

 “АКБ Толубай” ЖАК

Жетекчиси – Чекошев Айбек Мелисканович.
Акционерлери –12 тарап. 2 – юридикалык, 10 – жеке тарап.
Директорлор кеңешинин төрагасы — Дүйшөнов Рашид Кермалыевич.

Мүчөлөрү – Абдыразаков Надырбек Абдыкеримович, Жумашев Бакыт Курманалыевич, Дулатов Марат Асанбекович.

 “Азия Банк” ЖАК

Жетекчиси – Атакишиева Земфира Акишовна.
Акционерлери – 2 жеке тарап. Банктын расмий сайтындагы маалымат боюнча, ишкана 100% чет элдик капитал менен иштейт.
Директорлор кеңешинин төрагасы – Бейшеналиева Назира Тутановна.

Мүчөлөрү – Ли Жонг Бэк, Осмонов Улан Шакарбекович, Ниязов Эрмек Тургунбекович, Ашиналиева Жылдыз Бейшенбековна, Султанов Жапар Султанович, Абдукаримова Айнура Алайчиевна.

 “Айыл Банк” ААК

Жетекчинин милдетин аткаруучу –  Шамкеев Бактыбек Абылкасымович.
Акционери –  Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду.
Директорлор кеңешинин төрагасы – Токтоболотов Малабек Анашович.

Мүчөлөрү – Турумбеков Таалайбек Насырканович, Сыдыков Таалайбек Төлөмүшевич, Камчыбекова Гүлчахра Садырбековна, Абдыразаков Эркинбек Талипович, Эсеналиев Талантбек Канатбеков.

 “БАКАЙ БАНК” ААК

Жетекчиси – Мундузбаева Бакита Абдыкалыевна.
Акционерлери – 1 негиздөөчүсү бар экендиги көрсөтүлгөн.
Директордор кеңешинин төрагасы – Ибрагимов Сергей Мухамедович.

Мүчөлөрү – Нурматов Равшан Жураханович, Ибрагимова Кира Сергеевна, Третьякова Иванна Валентиновна, Кутателадзе Лариса Геннадьевна, Иманбеков Бакыт Сейитбекович, Кыргызбаева Асел Жекшенбековна.

 “Бай-Түшүм банкы ААК

Жетекчиси –  Ишенбаев Максат Бейшенбекович.
Акционерлери –  58 тарап ээлик кылат. 4 юридикалык тарап.
Директорлор кеңешинин төрагасы – Юрий Шульган.

Мүчөлөрү – Лида Вардания, Йоахим Балд, Кристиан Ремер, Тамерлан Ибраимов.

 “БТА Банк” ЖАК

Жетекчиси – Уманкулов Аалы Болотович.
Акционерлери — 3 негиздөөчүсү бар. 1 – юридикалык, 1– жеке тарап.
Директорлор кеңеши боюнча ачык маалымат берилген эмес.

 “Демир Кыргыз Эл Аралык Банкы” ЖАК

Жетекчиси – Лютфуллах Шевки Сарылар.
Акционерлери – 1 юридикалык тарап. Ишкананын расмий сайтында эки акционери бар экени жазылган. Алар: Халит Джынгыллыоглу (92,5%); нидерланддык “HCBG Холдинг” ЖАК (7,5%).
Директорлор кеңешинин төрагасы – Исмаил Хасан Акчакайалиоглу.

Мүчөлөрү – Теодор Жосеф Барк, Несрин Кочу Де Грут, Бурулкан Молдобекова, Хьюго Виллем Миндерхоуд.

 “Дос-Кредобанк” ААК

Жетекчиси – Мусабаев Данияр Шералиевич.
Акционерлери – 65 акционери бар.
Директорлор кеңешинин төрагасы – Нариман уулу Бакыт.

Мүчөлөрү – Оганян Кармен Гургенович, Тагаев Рустамбек Турдыевич, Жанкарачева Мира Камилевна, Момбеков Уланбек Ажыбекович.

 “Евразиялык Сактык Банк” ААК

Убактылуу администратору – Абдулдабеков Рустам Аскарбекович.
Акционерлери –56,58% акциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тиешелүү. Sabiedriba ar ierobezotu atbildibu “Stylus” ишканасына (9,42%), Ашырахманова Назира Сайпидиновнага (9,99%), украиналык Воронин Кирилл Николаевичке (9,99 %), “Двадцать Пятый Кадр” ЖАКсына (3,33 %), россиялык Терещенко Алексей Юрьевичке (2,9%), Толкачев Сергей Сергеевичке (6,85%) тиешелүү.
Директорлор кеңеши тууралуу маалымат берилген эмес.

 Кыргызстан Коммерциялык Банкы” ААК

Жетекчиси – Илебаев Нурдин Эмильевич.
Акционерлери –  Бир нече тарап. “Оsoo.kg” порталында 453 акционери бар экедиги көрсөтүлгөн.
Директорлор кеңешинин төрагасы –  Түмөнбаев Бактыбек Асаналиевич.

Мүчөлөрү – Мырзабаев Жаныбек Сагадылдаевич, Лайлиева Майя Жумакановна, Нифадьев Владимир Иванович, Чокоев Заир Ленарович.

 “Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы” ЖАК

Жетекчиси –  Кванг Янг Чой.
Акционерлери –  расмий сайтындагы маалымат боюнча, негиздөөчүлөрдүн катарында Ага Хан экономикалык өнүктүрүү фонду (36%), пакистандык “Хабиб Банк Лтд.” ишканасы (18%), Дүйнөлүк банктын тобунун мүчөсү, Эл аралык финансылык корпорация (12%), Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (12%), Инвестициялар жана өнүгүү боюнча немец корпорациясы (12%), КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду (10%).
Директорлор кеңешинин төрагасы –  Закир Махмуд.

Мүчөлөрү – Шаффик Дхарамши, Халид Мохсин Шайкх, Андреас Клинген, Канако Секин, Исабеков Азим Бейшенбаевич, Андриан Хоувинк, Али Н. Раттанси, Нейл Грэхэм Визерс.

 “Компаньон Банкы” ЖАК

Жетекчиси – Черикбаева Маргарита Шаимовна.
Акционерлери – 4 ээси бар. Банктын сайтындагы маалымат боюнча, “Компаньондун” жападан жалгыз уюштуруучусу жана ээси болуп “Мерсико” бейөкмөт уюму саналат. Андан башка эки миноритардык акционери бар. Алар – нидерланддык каржылык өнүгүү компаниясы (FMO) жана “Тriodos Investment Management” фонду.
Директорлор кеңешинин төрагасы –  Стивен Митчелл.

Мүчөлөрү – Робин Кюрри, Розанна Саркеева, Стефан Марио Квик, Закир Абдрашитов, Константин Церетели, Азамат Балтабаев.

 “Кыргыз-Швейцариялык Банкы” ЖАК

Жетекчиси – Червонова Кристина Владимировна.
Акционерлери – Негиздөөчүлөрү 5 киши. 1 юридикалык тарап, 4 жеке тарап.

Банк тарыхынан – “Кыргыз-Швейцариялык Банк” ЖАКсы өз ишмердүүлүгүн 2013-жылы Кыргызстанга швейцариялык “Петрам Финанс” компаниясынын келиши менен баштаган. Мурдагы “Кыргыздыйканбанк” кайра түзүлүп, 2014-жылы “Кыргыз-Швейцариялык Банк” ЖАКсы катары каттоодон өткөн. Азыр бул банк өлкөдөгү швейцариялык капитал менен иштеген жалгыз банк.
Директорлор кеңешинин төрагасы – Калоян Стоянов.

Мүчөлөрү – Клод Видмер, Конрад Хурни, Данияр Мамыразаков, Динара Усманова.

“Капитал Банк” ААК

Жетекчиси – Мусуралиев Нурдин Соотбекович.
Акционери – Тентимишова Нуржан Давлетбековна.
Директорлор кеңешинин төрагасы – Красников Андрей Алексеевич.

Мүчөлөрү – Бактиев Жумгал Давлетбекович, Чыныбай кызы Бегимай, Асылбаев Улан Мирбекович, Дербишалиев Адилет Эсенбекович.

 “Оптима Банк” ААК

Жетекчиси –  Капышев Бейбут Сапаргалиевич.
Акционерлери –  Негиздөөчү катары 33 тарап көрсөтүлгөн. 18 –  юридикалык, 15 –  жеке тараптар.
Директорлор кеңешинин төрагасы — Досмухамбетов Нуркен Мухаметкаримович.

Мүчөлөрү – Сартказиев Бакырдин Эшимбетович, Аргинов Ермек Есболович, Султанова Ботагоз Куандыковна, Токобаев Нурлан Турсунбекович.

 Орус-кыргыз “АМАНБАНК” ААК

Жетекчиси – Абиров Нурбек Асылбекович.
Акционерлери —138. 58 – юридикалык, 80 – жеке тарап.
Директорлор кеңешинин төрагасы – Матшах бин Сапуан.

Мүчөлөрү – Мурзалиев Бакыт Нуржанович, Касымова А.Д., Умуралиева К.К., Молдабаев Н.М., Абдразаков Орозобек.

“Росинбанк” ААК

Жеткечиси –  Жумабаев Эркинбек Алтымышевич.
Акционерлери –95%дан ашыгы КРдин УБ. Калганы миноритардык акционерлердин колунда.
Директорлор кеңешинин төрагасы –  Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич.

Мүчөлөрү – Аденова Мария Сафаровна, Атанова Гульсаара Тургумбаевна, Бакас уулу Бахтыяр, Душеналиев Сейтек Кубанычбекович.

“РСК Банк” ААК

Жетекчиси – Оморкулов Азизбек Пазылбаевич.
Акционери – Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду.
Директорлор кеңешинин төрагасы – Түлеев Даир Таласбекович.

Мүчөлөрү – Келдибеков Талант Кочконбекович, Бекболотов Данияр Жеңишбекович, Акматалиев Темирбек Асанбекович.

 “ЭкоИсламикБанк” ЖАК

Жетекчиси – Мусаев Руслан Махмудович.
Акционерлери – 28.
Директорлор кеңешинин төрагасы – Шермухамедов Нурбек Азизович.

Мүчөлөрү – Корытова Наталья Владимировна, Данилин Сергей Викторович, Исмаилов Мурат Аманович, Убалиев Элдияр Маматжанович.

 “Халык Банк Кыргызстан” ААК

Жетекчиси – Кабулов Айкын Темиртасович.
Акционерлери – 1 негиздөөчүсү бар экендиги көрсөтүлгөн. Ал эми расмий сайтында ишкананын 100 пайыз акциясы “Казакстандын Элдик Банкы» АКсына таандык экени жазылган.
Директорлор кеңешинин төрагасы –  Сатубалдина Жаннат Сагандыковна.

Мүчөлөрү – Бородовицына Анна Васильевна, Искаков Эркин Болотович, Маженова Бакыт Мурсалимовна.

Пакистан улуттук банкынын Бишкек филиалы
Жетекчиси – Мухаммад Амин.
Акционерлери –  Пакистан улуттук банкы, анын акцияларынын 75 пайыздан көбүрөөгү Пакистан өкмөтүнө тиешелүү.
Директорлор кеңеши тууралуу маалымат берилген эмес.

 “ФинансКредитБанк” ААК

Жетекчинин милдетин аткаруучу –  Букуев Кадырбек Жумабекович.
Акционерлери –  5 тарап. Банк сайтында 2. Алар: “Страховая компания “А плюс” ЖАКы жана “Фондовая биржа Кыргызстана – Биржевая торговая система” ЖАКсы.
Директорлор кеңешинин төрагасы –  Жакыпов Манас Жакыпович.

Мүчөлөрү –  Бердикулов Нургазы Абдисаматович, Маткабылова Нуркыз Аттокуровна, Акимова Элвира Торгоевна, Жакупбекова Чынара Насеровна.

 “ФИНКА Банкы” ЖАК

Жетекчиси –  Саидахматов Махмуджон Тажирахматович.
Акционерлери – 2 ээси бар. 1 –  FINCA микрофинансылык холдинги. FINCA микрофинансылык холдингинин башкы кеңсеси Вашингтондо (АКШ) жайгашкан “FINCA International” компаниясына таандык.
Директорлор кеңешинин төрагасы – Флорин Лила.

Мүчөлөрү – Чикако Куно, Мерал Курдаш, Элнура Тургунбекова, Карпович Станислав.

 Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *