Кыргызстандагы коррупциялашкан беш мамлекеттик орган аталды

Мезгил

Кыргызстанда коррупциялашкан мамлекеттик органдар туурасында эл арасында сурамжылоо жүргүзүүдө беш мамлекеттик органды аташып, көчүлүгү жарандар антирейтингдин дээрлик бардык лидерлерине минус балл беришти.

Буга ылайык Улуттук статистика комитети 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата элдин мамлекеттик органдарга ишенимдүүлүк индексин жарыялады.

Белгилей кетсек, индекс +100 жана –100 баллдык шкала менен эсептелинген. Ал эми тизмеге жергиликтүү башкаруу органдары кошулган эмес.

Кыргызстандыктардын пикири боюнча эң коррупциялашкан мамлекеттик органдар төмөнкүлөр кирген:

  1. Мамлекеттик бажы кызматы –18,7;

  2. Саламаттык сактоо министрлиги –11,1;

  3. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы –10,2;

  4. Ички иштер министрлиги –7,9;

  5. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 0,3.

Эске салсак, жарым жыл мурда деле рейтинг дал ушундай көрсөткүчтө эле. Болгону Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ордунда Транспорт жана жолдор министрлиги турган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *