Кыргызстан эң жарды 10 мамлекеттин катарына кирди

Мезгил

«Focus Economics» Эл аралык аналитикалык тобу Кыргызстанды эң жарды 10 мамлекеттин катарына  киргизди.  127 мамлекет катышкан бул изилдөөдө өлкөлөрдүн ички дүң продукциясы киши башына бөлүп эсептелген. Анда Кыргызстанда ИДП киши башына 1 миң 222 доллардан туура келген.

 Ошондой эле  2020-жылы бул сумма 1 миң 446 доллардан болот деп болжошкон. Мындай акыбал Кыргызстандын саясатындагы туруксуздук, башкаруунун начардыгы жана коррупцияга байланыштуу деп көрсөтүшкөн.

«Focus Economics» чыгарган изилдөөдө Тажистан эң кедей он мамлекеттин төртүнчүсү болуп жазылса, биринчи орунга Конго мамлекети чыккан. Бул өлкөдө ИДП киши башына 468 доллардан туура келет.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *