Кыргызстандык Москва шаарынын мэрин шайлоодо мыйзамсыз үгүт жүргүзгөнү үчүн айыпталды

Мезгил. 

Москва шаарынын мэрин шайлоодо эки эреже бузуу катталды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Москванын шайлоо комитетинин мүчөсү Дмитрий Реуттун журналисттерге билдиргенине караганда, эрежезе бузгандардын бири Кыргызстандын жараны болуп чыккан.

“Шайлоо күнү түштөн кийин эки окуя катталды. Борбордук аймакта Кыргызстандын жаранын кармадык. Ал үгүт баракчаларын үйлөргө жабыштырып жүрүптүр. Мыйзамсыз үгүт жүргүзүү боюнча протокол түзүп, анан кое бердик “, – деген ал.

Анын айтуусу боюнча, дагы бир эреже бузууну Ленинград облусунан келген жаран жасаган. Ал көкүрөгүнө боек менен “Москва -871” деп жазып, шайлоо аймагына келген. Жаранды кармашып, көкүрөгүндөгү боекту жууп туруп кетирип салышкан. Мындан башка окуя катталган эмес.

 

 Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *