Мезгил
Forbes Кыргызстанды сейилдөөгө ыңгайлуу мамлекеттердин катарына киргизди. Рейтинг туристтер менен блоггерлердин пикирлеринин негизинде түзүлгөн. Анын авторлору Кыргызстандын көз жоосун алган тоолуу аймактарын, жаныбарларын айтып, боз үй, алачыктарда түнөсө боло турганын белгилешкен.
Кыргызстан үчүнчү орунда турса, биринчини АКШнын Алисал району алган. Экинчи орунга Ямайка илинген. Төртүнчүдө Аргентина турат. Бешинчиге Ишетар району менен Исландия жайгашты.