Мезгил
Кыргызстандык Дастан Лепшаков бильярд боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.
Комбинациялашкан пирамида боюнча турнир Ханты-Мансийкс шаарында өтүп жатат.
Мекендешибиз Лепшаков чейрек финалда өзбекстандык Шахзод Мамировду каттуу кыл чайнашта 6:5 минималдык эсеби менен жеңип кетти.
Эми ал финалга чыгуу укугун молдовалык Сергей Крыжановский менен талашат.
Жарым финал бүгүн өтөт.