Кыргызстандык улакчы Манас Ниязов Америкага улакчыларды машыктыруу үчүн чакырылды

Мезгил

Улакчы Манас Ниязов АКШнын көк бөрү командасын машыктыруу үчүн чакырылды. 

Билдирүүлөргө караганда спортчуларды машыктыруу сунушу кыргызстандык көк бөрүчүгө бир ай мурун түшкөн. Ниязов америкалыктардын сунушун азырынча кабыл ала элек. Бирок эгер шарты туура келсе барып машыктырууга даяр экенин билдирген.

Анын айтымында, былтыр Көчмөндөр оюндарында АКШдан келген көк бөрүчүлөр менен таанышып калган. Алар  телефон номерин алып бир ай мурун чалып чакырышкан. Учурда жол-жобосу, шарт-талаптарын сүйлөшүп жатканын билдирген.

Манас Ниязов ойногон “Достук” командасы Кыргызстандагы күчтүү командалардын сап башында турат.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *