Голландиялык сүрөтчү Кыргызстандын кооздугуна суктанып бүтө албай кайрадан өлкөбүзгө келди (фото)

Мезгил

Белгилүү Голландиялык 33 жаштагы сүрөтчү Альберт Дрос, кайрадан кыргыз өлкөсүнө келип Кыргызстандын жаратылышынын кооздугуна суктанып бүтө албагандыгын айтат.  

Ал буга чейин март айында келип Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы ажайып кооз жерлерин сүрөткө тартып интернет баракчасына    жарыялаган. Ал өзү менен бирге документалдык кино жаратуучуларды да  кошо ала келген. Ошондо Кыргызстанга июнь айында келип, эң бийик чоку делген Ленин чокусуна бара тургандыгын билдирген. Ал эми азыр ал аталган жерге баргандыгын айтат.   

 “Мен Кыргызстанга биринчи келгенде дээрлик баардык жерлерин көрдүм десем болот. Анда Ысык-Көлдүн түштүк тарабына баргам. Ал жактан абдан жакшы таасирлерди алдым. Ал эми бул жолу Ош тарапка багыт алдым. Жолду карай буга чейин көрбөгөн жерлеримди  сүрөткө тартканга жетиштим” дейт ал.

Муну менен катар эле “мени таң калтырганы  пейзаждардын баардыгы жашыл түскө боёлуп кооздугу көз жоосун алат” дейт сүрөтчү.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *