Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,4 млрд долларды түздү

 Мезгил

2018-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,4 млрд долларды түздү, анын 85,7 пайызы тышкы карыз, 14,3 пайызы ички карыз болуп саналат.

Жыл ичинде мамлекеттик карыздарды тейлөөгө 23,7 млрд сом жумшалды. Бул тууралуу каржы министри Бактыгүл Жээнбаева Жогорку Кеӊеште «КР Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Министрдин айтымында, мамлекеттик карыздарды тейлөөгө жумшалган каражаттын 7,1 млрд сому алынган насыялардын үстөк пайызын жабууга, ал эми 16,7 млрд сому негизги карыздарды жабууга чегерилген.

«Ушу тапта Кыргызстандын мамлекеттик карызы ички дүӊ өнүмгө карата 56,7 пайызды түзөт», – деп кошумчалады ал.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *