Кыргызстандын мектептери эми электрондук күндөлүктөргө өтүп баштайт

Мезгил

Кыргызстандын мектептеринде эми электрондук күндөлүктөргө өтөт.  Бул боюнча Билим берүү министрлиги тиешелүү долбоорду иштеп чыгууга үчүн тендер жарыялады. Электрондук күндөлүккө баалар онлайн коюлуп, аларга түздөн-түз көз салса болот.  Бул ыкма  ата-энелерге да пайдалуу.

Электрондук журнал менен жүгүртмө мугалимдердин телефон, ноутбуктарына гана жүктөлсө, күндөлүк окуучу, ата-эненин да телефонуна тиркеме сыяктуу көчүрүлөт. Анан мугалим сабактын башында бир-эки мүнөт отуруп ноутбуктан электрондук журнал менен күндөлүктөн балдардын бар-жогун белгилейт.

Сабакка катышуусун текшергенде окуучу сабакта жок болсо “келген жок” деген белги ата-эненин да телефонуна барат. Баа коюлган соң ата-эне аны да телефону аркылуу эле ошол замат көрө алат. Ошентип балдарынын сабакка катышып-катышпаганын, кандай баа алганын ата-эне жумушта же үйдө отуруп эле биле алат.

 Эгер баласы эң жакшы же начар баа алып калса, эмне үчүн мындай бааларды алып жатканын мугалимден сурай алат. Үй тапшырма да автоматтык түрдө ата-энесинин телефонуна түшөт. Окуучу кокус үй тапшырмасын түшүнбөй калса аны эже-агайынан ошол программа аркылуу сураса болот.

Мындан тышкары, окуучунун чейрек жана жылдык бааларын автоматтык түрдө чыгаруу мүмкүн.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *