Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд. 481,96 млн. долларды түздү

Мезгил

Ушул жылдын 31-январына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын өлчөмү 4 млрд. 481,96 млн. долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги кабарлады.

Буга чейин каржы министри Бактыгүл Жээнбаева Жогорку Кеӊеште «КР Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда 85,7 пайызы тышкы карыз, 14,3 пайызы ички карыз болуп саналарын айткан.

-Ушу тапта Кыргызстандын мамлекеттик карызы ички дүӊ өнүмгө карата 56,7 пайызды түзөт, – деген Жээнбаева

Азыркы тапта Кыргызстандын тышкы карызы 3 млрд. 838,75 млн. долларды түзсө, ички карыз 643,21 млн. долларды түзөт. Ал эми 2018-жылы мамлекеттик карыздарды тейлөөгө 23,7 млрд сом жумшалган. Анын  7,1 млрд сому алынган насыялардын үстөк пайызын жабууга, ал эми 16,7 млрд сому негизги карыздарды жабууга чегерилген.

Кыргызстандын карызы бир айда 18 миллион долларга өстү. Тактап айтканда 2018-жылы  31-декабрды мамлекеттик карыз  4 млрд 464,35 млн. долларды түзгөн болчу.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *