Кыргызстанга 9 миңге жакын жаран иштөөгө уруксат алган, алардын көбү кытайлар

Мезгил

Ушул жылдын акыркы 7 ай ичинде Кыргыз өлкөсүнө 8 миң 757 чет элдик жарандар иштөөгө уруксат алышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынан билдирди.

2019-жылдын апрель айынан тарта уруксат берүү документтеринин баасы кымбаттаган. Мындан улам уруксат берүү документтеринен мамлекеттин бюджетине 64 миллион 300 миң сом түшкөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга эң көп келген жумушчулар кытайлар – 6 миң 711 адам, түрк жарандар – 588, кореялыктар – 238, пакистандык – 186, америкалык – 113, индиядан – 104, өзбектерден – 104 жаран келишкен.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *