Кыргызстанга Россиядан коронавирусту тез арада аныктоочу реагенттер алынып келди

   Мезгил

Кыргызстанга Россиядан адамдагы вирусту тез арада аныктоочу реагенттер алынып келди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринен билдиришти. 

Маалым болгондой,  ал каражаттар 500 жолу вирусту аныктоого жетет. Өлкөдө бул медициналык каражатка тартыштык жок. Учурда Кытайдан

келген бардык жарандар текшерүүдөн өтүп жатат.  Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен коркунучтуу оорунун белгилери бар адамдар каттала элек.

Белгилей кетсек, коронавирустан каза тапкандардын саны учурда  425ке жетсе, ал эми илдетти жугузгандарын саны 25 миңге жакындады. 

Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *