Кыргызстанга түрк ажосу Режеп Тайып Эрдоган келет

Мезгил

Ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанга Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган  расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев маалымат жыйынында билдирди.

Министрдин маалыматына таянсак, эки өлкө башчысынын расмий жолугушуусунда Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда бир нече документтерге кол коюу пландалып жатат.

Эске салсак, Режеп Тайып Эрдоган 24-июнда өткөн мөөнөтсүз президенттик шайлоодо 52 пайыздан ашык добуш менен экинчи жолу турк элинин өлкө башчысы болуп шайланды. Айрым эл аралык басылмалар Эрдогандын мамлекет башчы катары бийликтеги экинчи мөөнөтү, бирок президент катары чексиз бийликти алган алгачкы мандаты деп да сындап чыгышты.

Ал эми түрк ажосу “түрк атасы” аталган Мустафа Кемал Ата Түрктүн кабырына барып, 80 миллион калкы бар Түркия өлкөсүн дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн 10 өлкөнүн катарына кошорун айтты.

– Биз Түркияны бардык тармакта бекемдейбиз, анын ичинде коргонуу жана чек ара коопсуздугу боюнча. Макроэкономикалык көрсөткүчтөр бизди дүйнөдөгү экономикасы чоң он өлкөнүн катарына кошмойунча, бардык тармакка ири инвестицияларды салабыз, – деди Эрдоган.

Ал эми 9-июлда Анкарада ант берип, президенттик кызматтагы экинчи мөөнөтүнө расмий түрдө киришти. Инаугурацияга Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышкан.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *