Кыргызстанга Жапония 2,8 млн доллар кайтарымсыз грант берди

Мезгил

Жапон өкмөтү «Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялар программасынын» негизинде Кыргызстанга 2,8 млн доллар кайтарымсыз акчалай жардам берди. Буга байланышкан иш чара бүгүн Финансы министрлигинде өтөт. Ага Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Ямамура Ёсихиро жана Кыргызстандын Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева катышат.

Ошондой эле, Жапония Эл аралык кызматташтык агенттигинин төрагасы Нэомото Наоюки менен министр айым аталган долбоорлорду ишке ашыруу процедураларын аныктоочу гранттык келишимге кол коюшат.

Эске салсак, Жапония «Талас-Тараз унаа жолундагы Үрмарал дарыясынан өткөн көпүрөнү оңдоо» долбоорун бүткөрүүгө 16.5 млн АКШ долларын бөлгөн.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *