Кытай Кыргызстандын аскердик техникаларын жаңылоого жардам берет

Мезгил. 

Кытай Кыргызстанга грант бөлүү чечимине келди. Бул сапар каражат аскердик техникага арналат.

6-сентябрда КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Райимберди Дүйшөмбиев Кытай менен Борбордук аскердик кеңешинин төрагасынын орун басары,  генерал-полковник Сюй Цилян башында турган аскердик делегация менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу аскердик жана техникалык кызматташтыкты кеңейтүүгө  байланышкан маселелер талкууга алынып, аны ишке ашыруунун келечегине да баам салынды.

Белгилей кетсек, Кыргызстан-Кытай кызматташтыгынын алкагында кытай тарап Асман чабуулунан коргонуунун жана байланыштын каражаттары,  аскердик жана атайын техникалар, материалдык-техникалык мүлктөр,  турак- жайларды куруу жана башка  бир катар жардамдарды берген.

Бул жолку жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы  Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы кызматташуу тууралуу меморандумга, грант берүү макулдашуусуна, куралдануу жана аскер техникаларын жөнөтүү боюнча протоколго кол коюлду.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *