Кытайдан алган карызыбызды кечип жибергиле деп суранып, уят эле болдук да

   Мезгил

Кыргыз өкмөтү кошуна Кытай бийлигинен “Силерден алган карызыбызды кечип жибергилечи” деп суранат. Алар байып жатыпсыңар, кечип жиберүүгө негиз жок экен деп жооп беришет.

Акыркы маалыматтарга караганда өлкөнүн жалпы карызы 4,5 миллиард долларга барабар. Анын ичинен 1,7 миллиарды Кытайдын “Эксимбанкына” таандык.

Сентябрь айында финансы министри Бактыгүл Жээнбаева парламентте кытайлык «Эксимбанк» экспорттук-импорттук банкы менен карызды кечүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын айткан эле. Мындан улам сүлөшүүнүн жыйынтыгына кызыгып, “Спутник” маалымат агентигинин редакциясы аталган министрликке суроо жиберип, жогорудагыдай жооп алган.

Министрликтен эске салышкандай, өкмөт 2002 жана 2005-жылдары Париж кредиторлор клубуна карызды кыскартып берүү боюнча кайрылган. Анын натыйжасы оңгулуктуу болуп, Кыргызстандын бересесинин бир бөлүгү жокко чыгарылган.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча “Эксимбанктан” алынган насыяны өздөштүрүү боюнча чоң чуу чыгып, министрлик карызды кыскартуу боюнча Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаган. Ошондой эле министрлик тараптан Германиянын “KfW банкы” менен карыздар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы да маалымданды.

Берген март эмес, алган март дейт кыргызда. Ошондо карызды ченебей туруп алгандар ким болуп калат?

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *