Кытайлар Кыргызстанда каалаганын жасайбы?

Мезгил

 Кыргызстанда 7 миңге жакын кытай бар

Акыркы кезде кытай жарандарынын саны күн санап өсүүдө. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө 6 миң 711 кытай жарандары бар. Алардын көпчүлүгү эмгектенүүгө келишкен.

Акыркы кезде кытайлар дүйнөнү басып алуу коркунучунан көпчүлүк чочулаганын угуп эле жүрөбүз. Алтургай кыргыздар “Кытайдын Кыргызстанга өтүүчү чек араны жаап, кытайларды Кыргызстандын аймагына киргизилбесин” деген талап коюшуп, нааразычылык митингине чыгышкандар болгон.

Кытайлар кызыл сымапты мыйзамсыз сатууга аракет кылышып, колго түшүштү

Кытайлар Кыргызстанда ар кандай мыйзам бузууларга, кылмыштуулукка барган учурларын да кездештиребиз. Бүгүнкү күндө Бишкекте кытайлык жарандар кызыл сымапты мыйзамсыз сатууга аракет кылышып, милиция кызматкерлеринин колуна түшүштү. Учурда иш экспертизанын текшерүүсүнө жиберилген.

Сойкукана ачкан үч кытай жараны колго түшкөн

2014-жылы сойкукана иштеткен үч кытай жараны колго түшкөн. Анда “Караоке бар” деп жымсалданган кафе-бардын кардарларынын дээрлик баары кытай жарандары болгон. Жашыруун иштеген бул жайды үч кытай жараны иштетип, кыргыз кыздары кытай жарандарына интимдик кызмат көрсөтүүсүнө шарт түзүп, мыйзамсыз иштерди жасаганы боюнча Бишкек ШИИБнин адам сатууга каршы жана сойкуканалардын ишин тыюу боюнча бөлүмүнүн атайын операциясынын негизинде милиция кызматкерлеринин колуна түшүшкөн. 

Кытай жээндер күндөн-күнгө көбөйүүдө

Ал эми кытайларга алданып, акчанын кулу болуп жүргөн кыздарыбыз да жүздөп саналып, күндөн-күнгө кытай жарандарына турмушка чыккан кыздарыбыздын саны жогорулады. Жеңил ойлуулук менен кытай жарандарына байлыкка, акчага кызыгып баш кошуп, кытай жээндерди көбөйтүп жаткандары кыргыздын келечегине коркунуч алып келип жаткандарын кайдан билишсин.

Кытай жарандары төрт кыргыз жаранын ур-токмокко алышкан
Мындан сырткары 2013-жылы Кыргызстанда иштеген кытай жарандары төрт кыргыз жаранын ур-токмокко алганы да коомчулукту кыжырлантып, кызуу талкуу жараткан. Анда Нарындын Туз-Бел ашуусунда жол кырсыгы катталып, “Чайна роуд” жол-курулуш компаниясынын кытай кызматкери жергиликтүү кыргызды сүзүп кеткен. Кырсыкка себепкер кытай айдоочу окуя болгон жерден из жашырууну көздөгөн. Бирок, аталган компанияда иштеген төрт кыргыз жараны аны кармап калмакчы болгондо, жол куруп иштеген башка кытайлыктар чогулуп жардамга келген, төрт кыргызды сабап салышкан. Бул биз билген гана мисалдар, биз билбеген көмүскөдө калган кытайлыктардын кылмыштары жүздөп саналса керек…

Мына ушундай кылмыштуулукту, тартип бузууларды кыргыз жарандары кытайга барып жасачу болсо, дароо соттолуп экинчи мекенине келгис болот. Ал эми биз кытайлар тийиштүү чара да көрө албай, айрым кылмыштуулуктарынын бетин жаап, акчага алданып жаткан имиштерди кулагыбыз көп эшитет. Өзгөчө кытайларга документ жасоо чоң бизнес экенин көпчүлүк билет.

Солто-Сары чуусу, талап койгон кытай элчилиги

Буга кошумча Солтон-Сары кениндеги чуулу окуяда да кытайлардын кыргыздарга алып келген зыянын айынан 5-августта кытайлык компаниянын кызматкерлери менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыгып, тараптар бири-бирине таш ыргытышкан. Натыйжада жергиликтүү кыргыздар чогулуп, кытайлык жарандарды Солтон-Сары кенинен кууп чыгышкан. Мына ушул жерде жаман үйдү дагы коногу бийлеп, кытай элчилиги жаракат алган кытай жарандарына толук түрдө медициналык жардам көрсөтүп, жаңжалды дыкат иликтеп, жагдайды адилеттүүлүк менен чечүүнү талап кылган.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтары боюнча, 2018-жылы Республикабыздын аймагында катталган Кытай жарандарынын саны 24 миң 836 адамды түзгөн.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *