Кытайлык компонияны тоногондордун бири айылдык кеңештин депутаты

Мезгил

Тогуз-Торо районунда Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунда иштеп жаткан кытайлык “Чайна Роуд” компаниясынын жумушчусун коркутуп, жумушка керектүү болгон күйүүчү майларды тоноп кеткен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта  12-июлга караган түнү саат 1:30 чамаларында Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагынын тушунда Түндүк-Түштүк кошумча жолун куруп жаткан кытайлык “Чайна Роуд” компаниясынын АБЗ базасында битум ээритүүчү мешке көмүр жагып иштеп 48 жаштагы жумушчусуна Казарман айылы тараптан белгисиз адамдар кысым көрсөтүшкөнү айтылат.

Алар куруу иштерине керектүү жол четинде турган 200 литрлик челектерди, солярка куюлган 3 челекти, 20 литрлик 25 челекти жүктөп, качып кетишкен.Кытайлык жаран алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылса, ал эми компанияга жалпысынан 48,800 сомдук зыян келтирилген.

Тогуз-Торо РИИБи окуянын негизинде тоноочулук фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, 14-июлда РИИБ жана Жалал-Абад ОИИБи тарабынан шектүү катары 4 адам кармалып камакка алынган. 15-июлда райондук сот алардын баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарууну чечкен. Кармалгандардын бири Сары-Булуң айыл аймагында 1981-жылы туулган А.О. аттуу айылдык кеңештин депутаты экени айтылууда.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *