Кыяс Молдокасымов: “Шаарда бизнес кызыкчылыгы бар ишкерди шаар башкарууга алып келбесек”

Мезгил

Шаарда бизнес кызыкчылыгы бар ишкерди шаар башкарууга алып келбесек. Мындай пикирин белгилүү тарыхчы  Кыяс Молдокасымов билдирди.

Кыяс Молдокасымовдун айтуусунда буга чейин ордо калаабызды жетектөөгө артында калбыры барлар келгени коомчулукка жашыруун эмес. Ошон үчүн шаарга жаңы жүз, жаңы аракеттеги жетекчи келиши кажет.

-Жалпы шаар тургундарынындай эле, шаарда бизнес кызыкчылыгы бар ишкерди шаар башкарууга алып келбесек деп ойлойм. Алар шаар жетекчилигине келген соң өз кызыкчылыгын биринчи планга коюшат. Буга чейинки шаар башчыларынын дээрлик бардыгынын артында калбыры бар экени маалымат каражаттарында айтылып, жазылып келет. Андыктан шаарга жаңы жүз, жаңы аракеттеги жетекчинин келиши зарыл,-деди Кыяс Молдокасымов

Ошондой эле ал шаардын «кожоюнун» шайлап жаткан депутаттар жеке кызыкчылыктардан алыс болушса. Болбосо алар жоопкерчиликти моюндарына алып өздөрү шайлаган адамдын кылмыш ишин кошо тартсын деп кошумчалайт.

 -Шаар депутаттары жүзүн көрүп өң таят принцибинен алыс болушса. Же болбосо Албек Ибраимовдун жерге байланыштуу козголуп жаткан ишин шаар депутаттары кошо тартышсын!-деди Кыяс Молдокасымов

26-июль күнү Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы мэрлик кызматка талапкер кылып Азиз Суракматовду тандаган. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалицияга КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” фракциялары, жалпысынан 33 депутат кирет. 

Айбек Бусурманкулов: “Анан ушул коррупционер кантип Бишкек шаарын өнүктүрөт?” Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясы борбор калаанын башчылыгына талапкерлерди катташ үчүн документтерди кабыл ала баштады. Талапкерлерди көрсөтүү укугуна Бишкек шаардык кеңешиндеги фракциялар жана өлкөнүн премьер-министри укуктуу.

БШКнын чечими менен Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-августка белгиленген. 

Эске салсак,  13-июлда Бишкек шаардык кеңеши мурдагы мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алып, премьер-министр аны кызматтан алган. Ибраимов учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Ал жемкорлук боюнча айыпталып 19-июлда кармалган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *