Кызыктуу жана капчыкка ыңгайлуу өлкөлөр

Мезгил

Мейманканалары жана тамак-аштары арзан кызыктуу тарыхый кооз өлкөлөргө саякаттап келүүнү самап жүрсөңүз анда бул маалымат сиз үчүн!

Грузия

Кооз тоолору, деңиздери жана даамдуу тамактары жана өздөрүнөн чыккан вино шарабы менен өзгөчөлөнгөн Грузия өлкөсү. Бул мамлекетке келгенде сөзсүз үй шартында жасалган шарап жана түрлүү тамактардан дам сызып кетпеске болбойт. Айрыкча жергиликтүү ашкананын эттен жасалган азыктарын бир ооз тийип көрүү керек. Келген туристерди бул жердин тамак-ашы азан баада  болгону кубандырат.

Эгерде, сиз суунун жээгинде эс алганды кааласаңыз  анда Батуми деңизине сапар тартыңыз. Ал эми тоого чыгып эс алганды сүйсөңүз эң кооз  Казбеги тоосуна чыгып келсеңиз болот. Ошондой эле тоолор, деңиздер  көрүнүп турган арзан бирок жакшы шарттары  түзүлгөн мейманкананы тандасаңыз андан жакшы.

Хорватия

Өзүнүн уникалдуу табигаты менен айырмаланган Хорватия Жер ортолук деңиздин бермети болуп саналат. Суусу кристалдай тунук, пляждары таза айланасында ийне жалбырактуу дарактары, жап-жашыл токойлору жана  бийик тоолоруу  минералдуу булактары менен курчалган жомоктогудай жер.

Черногория

Черногориянын жээгинде жалпы 117 пляжы бар. Бул жердеги ар бир дүкөндөрдө жана ашканаларында арзан бирок даамдуу деңиз азыктардын түру сатылат. Ошондой эле Черногориянын ар бир шаары өзгөчө кооз.  Бул жерде арзан баада  ыңгайлуу мейманканаларды табууга болот. А эгерде жеке үйдү ижарага алуу кыйын эмес.

Азербайджан

Азербайджан кереметтүү Баку шаары. Эгерде бул өлкөгө эс алуу үчүн ылайыктуу жерлердин бири. Азербайджандыктар аш плов тамагын мыкты жасашат.  Келген меймандарына сөзсүз плов менен үй шартында жасалган шарап жана   кальянды коюшат.

Ал эми борбор кааласы Баку заманбап шаар. Анда кооз кызыктуу тарыхый жерлери абдан  көп.  Улуттук  эс алуу жайына,  тоолоруна  чыгып, эски шаарларын кыдырып эстен кааларлык күндөрдү өткөрөсүз. 

Греция

Грециянын ар бир жери ар түрдүү  болгондуктан эс алуу үчүн курорт тандоо аябай кыйын. Анткени биринен өтүп бири жакшы.  Греция байыркы шаарлардын бири анда көптөгөн  тарыхый жерлер көп.  Бул өлкөгө келгенде  Афин шаарындагы  тарыхый Акраполь байыркы гректердин атайын бийик жерге салган, чептей бекем коргонуучу жайын көрбөй кетип калууга болбос. Ошондой эле бул өлкөнүн уникалдуу аралдарын кыдырып келүүгө болот.

 Тамак-аштардын көбү деңиз азыктарынан жасалат жана мөмө-жемиштери арзан баада. 

 

Булак: Мезгил ньюс

 

 

 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *