Кызыл-Кыя милиция жетекчисинин оставкасын талап кылган 63 жаштагы жаран Бишкекке жөө келатат – Видео

Мезгил. 

Баткен облусунун 63 жаштагы тургуну Саидраим Абдилатов Бишкекке жөө жолго чыкты. Ал бийлик өкүлдөрүнөн уулу Кимсанбайга жабылган жалааны акыйкат териштирип берүүсүн талап кылат.

“Мен акыйкаттык орномойунча үйүмө барбайм. Кыш келеби, жаз келеби… Өлсөм ушул жактан өлүп калаармын”, – деген ата бүгүн сапарынын 3- күнү экенин белгилеп, жөө басканга буту ооруп, ага карабай “Чыдайм!” – деп өзүнө сөз бергенин видеодон угууга болот.

Айтымында, Кызыл-Кыянын милициясынын жетекчиси Аким Жусупов менен тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Кемербек Бердиев анын уулун адам өлүмүнө себепкер болгон жол кырсыгына айыптап жатышат.

“Уулумду Караван айылындагы жол кырсыгына айыптуу деп кармап кетишти. Кырсык 26-августка караган түнү болгон. Балдарым түнү Кызыл-Кыяга барышып, эртең менен Баткенге келишкен. Алар Караван айылына киришкен эмес, машинелерди да таза бойдон келген. Бирок, милиция күбө, же далилсиз эле уулумду айыптап жатат. Жол кырсыгы болгон жерден бир аз арыраак орнотулган видеокөзөмөлдүн материалдарын көрдүк. Ал жерден ак түстөгү “Жигули” өтүптүр. Мындай машине милициянын жетекчисинде бар”, – деген жаран  Кызыл – Кыянын милициясынын жетекчисин иштен алууну талап кылаарын айткан.

 Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *