Лөлүнүн эшегин суугарып пулун ал

     Мезгил

Кыргыз өкмөтү Кумтөр кенин иштеткен “Центерра Голд” компаниясы менен кендеги дивиденддерди төлөө жана башка маселелер боюнча сүйлөшүүнү уланта тургандыгын билдирди. Бул тууралуу өкмөттө өткөн маалымат жыйынында “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Алмаз Алимбеков айтты. Анын пикиринде “Центерра Голд” стратегиялык келишимдин негизинде экологиялык маселелерди жөнгө салат имиш. Өкмөт «Центерра» менен мурдагы жылдарга төлөнбөй калган дивиденддерди төлөө жана рекультивация боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт деди. Эске сала кетсек “Центерра Голд” эки жыл мурда Кумтөрдүн айланасында талаш жаралган учурда дивиденддерди төлөөнү токтоткон.

Ошондой эле «Трасттык фонд боюнча, рекультивация боюнча сүйлөшүүлөр улантылат. Биз дагы кошумча келишимдерди түзүшүбүз мүмкүн. Азыркы учурда биз экологиялык маселелерге чекит койдук» – дейт “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Алмаз Алимбеков.

Кыргыз Өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы мурдагы макулдашылган стратегиялык келишим өткөн аптада күчүнө кирди. Буга чейин белгилүү болгондой канадалык компания Кыргызстанга төлөп бере турган сумманын көлөмүн мурдагы келишимде көрсөтүлгөндөн көбөйттү. Башкача айтканда мурда 87 миллион болсо, азыр 150 миллион долларга жетип олтурат. Ал эми өз кезегинде кыргыз тарап “Центерра голдго” карата соттук доосун токтотмой болду.

Ошондой эле маалымат жыйынын өткөргөндөр Кумтөрдүн «өмүрүн» 5-6 жылга узартыла тургандыгы тууралуу да айтып кетишти. Бул үчүн «Центерра» геологиялык чалгындоо үчүн 24 миллион доллар бөлгөндүгүн кошумчалады. Эске сала кетсек Кумтөр кенин казуу 2026-жылга чейин гана пландалган. «Геологиялык чалгындоону жергиликтүү компания жүргүзө турган болду. Эгерде кен казуу иши дагы 5-6 жылга уланса, 2032-жылга чейин бюджетке акча түшүп турат» – деп кудуңдады Алмаз Алимбеков. Ошентип:

* «Кыргыз алтындын» жетекчисинин айтуусу боюнча «Центеррадан» дооланып жаткан 100 миллион доллардан биротоло баш тартыптырбыз.

* Экология маселеси ушинтип унутулуп кала бериптир.

* Бюджетке түшчү акча 5-6 жылга созулат деген менен «Центерра» дагы бир топ жыл өз билгенин жасай берет тура.

* Геочалгындоого мурда 6, анан 16, эми 24 миллион доллар компания тарабынан бөлүнүп, чалгындоо иштерин жергиликтүү компания аткарып, акча өлкөдө калат дегенди ким кантип түшүндү? Маселен, мамлекет менен өнөктөш компаниянын бир чөнтөктөгү акчасын экинчи бир чөнтөккө которуп, «уурдоо» үчүн кол салууга даярдап коюшту десе болобу? Анткени биздеги кендердин айрым чалгындоо иштерин 1 миллион доллардын тегерегинде жүргүзгөн учурлар деле бар. Балким бул жерде баягы эле сол чөнтөк кызыкчылыгынын айынан бир уюшкан топ «Центерра» аркылуу мамлекеттин казынасына кол салууну пландап жаткан жокпу?

* Эми сотко бермей токтоду дегени өкмөттүн, «Кыргыз алтындын» «Центеррага» чүлүктөнүп бергени эмеспи?

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *