Лимон – жүрөк, ашказан, өт, ангина сыяктуу көптөгөн ооруларга пайдалуу

Мезгил

Лимон – табият тартуулаган эритүүчү жана калыбына келтирүүчү каражат. Анын ширеси эс тутум начарлаганда, ашказан ичеги, таш пайда болгон ооруларда, организмдин зат алмашуу процесси жоголгондо, гемморойдо, лихородка суук тийген абалда таасирдүү жардам көрсөтө алат. Мындай ооруларда жарым стакан кайнак сууга 0,5 лимондун ширесин кошуп, күнүнө 2-3 жолудан ичсе керек.

Ангинага лимондун жардамы чоң

Ангина жана ооздун көңдөйлөрүнө, тамакка суук тийгенде лимондун ширесин сууга кошуп чайкоо керек. Теринин козу карын ооруларында лимондун ширесин дары катары ичсе да болот. Өзгөчө ангина жаңы башталган учурда лимонду кабыгы менен чайнап жесе да оорудан арылтат. Лимондун кислотасы ооруган жерлерге таасир бергенче 1 саат бою эч нерсе жебеш керек.

Лимон ширеси өттөгү ташты жоготот

Өткө таш пайда болгондо 1,5 литр сабиздин, кызылчанын, бадыраңдын аралашмасы кошулган 10-12 стакан лимондун ширесин ичүү керек. 6-7- күндөрү лимондун таасиринен улам өт баштагыдан катуу ооруп, басаңдаган соң өттөгү таштар жоголот. Өтө катуу ооруган учурда ооруну баскан каражаттарды колдонсо болот.

Ооруларды гана эмес, чаңкоону да басат

Лихородка ооруларында, каның катып суусаганда, деги эле жалпы абалды жакшыртуу үчүн лимондун ширесинин пайдасы күчтүү.

Кабыгы баш ооруну жоготот

Тамак сиңирүүнү жакшыртыш үчүн шекерде кайнатылган лимондун кабыгын колдонсо болот. Лимондун жаңы кабыктарын ак жерлеринен тазалап алып, нымдуу жагын чыкыйга коюп 10-15 мүнөт кармап туруу менен баштын оорусунан арылтат.

Жүрөк оорусуна да пайдалуу

Лимон жүрөк оорусун да жөнгө салат. Анын составында калий элементи көп болгондуктан, кан- тамырлардын иштөөсүн  жөнгө салат. Ошондуктан күндө чай менен же жөн гана кайнатылган жылуу сууга лимонду кошуп ичип туруу керек. Өзгөчө ачкарын лимондун ширесин кайнатылган сууга  кошуп ичкен адам ашказан оорусу жана ич катуу дегенден арылат.

Какачтан арылтат

Чачты таза жуугандан кийин жарым лимондун ширесин сууга чылап, аны менен чачты чайкасаңыз, чач жалтырап, табигый өңүнө келет жана чачты түшүүдөн коргойт. Ошондой эле лимондун ширеси чачтагы какачты кетирүүгө жакшы жардам берет. Ал үчүн 2 чай кашык лимондун ширеси менен күнүгө башты сүртүп, 10 мүнөттөн соң жылуу суу менен жууп коюу керек.

Беттеги кара тактарды кетирет

Бир даана лимонду экиге бөлүп, анын согун сыгып алып, ага 3-4 тамчы бал кошосуз. Бул масканы бетиңиздеги кара тактарга сүйкөп, 10 мүнөткө кармайсыз. Андан кийин жылуу суу менен жууп саласыз. Мындай масканы аптасына эки жолу колдонуу жетиштүү болот.

 

Кийимдеги тактарды тазалайтт

Кийимдеги тактан арылуу үчүн лимондун ширеси менен сода кошулган сууга кийимдерди 2 саат чылап коюп, андан кийин жуусак кийимдер өңүнө чыгып, тактардан тез арылабыз.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *