Кыргызстанда 262 согуш ардагери бар

  Мезгил

Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев  президенттин жарлыгына ылайык Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.  Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

 Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчы бекитилген планга ылайык майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттер тууралуу маалымат берди. Майрамдык иш-чараларды, республика боюнча өтө турган маданий-массалык жана театрлаштырылган көрсөтүүлөргө даярдыктар талкууланды.  

Ошондой эле 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана ооруктун эмгекчилеринин социалдык абалын жакшыртуу боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө маалыматтар айтылды.

Жыйында Бишкек шаарында аскердик жүрүш өткөрүү, Ржев шаарында кыргызстандык жоокерлердин эстелигин орнотуу боюнча пландар тууралуу айтылды. Мындан тышкары Ош шаарында башталып, 8-майда Бишкек шаарында жыйынтыктала турган «Жеңиш оту» марафонун өткөрүү пландалууда. 

Мухаммедкалый Абылгазиев учурда согуштун дээрлик бардык катышуучулары 90 жаштан ашып калганын жана алардын саны жылдан-жылга азайып жатканын айтты. Анын маалыматы боюнча, эгерде 2019-жылы 380 ардагер болсо, азыр алардын саны 262и түзөт. 

«Улуу Жеңиштин тарыхый маанисин эске алып, совет элинин эрдигине жана кайратына таазим этип, Жеңиштин 75 жылдыгы бүткүл элдик майрам катары белгиленет», – деди Өкмөт башчы.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *