Лондон шаарынын мэри «Жамийла» повестинен үзүндү окуду

Мезгил

Британдык белгилүү бир нече саясатчылары менен катар, Лондон шаарынын мэри Садик Хан кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдык маарекесине арналган Кыргызстандын Улуу Британиядагы Элчилиги уюштурган «Айтматов окуулары» иш-чарасына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигенен билдиришти.

Маалым болгондой, Садик Хан видео аркылуу чыгып сүйлөгөн сөзүндө, жазуучунун «Жамийла» аттуу чыгармасынан үзүндү окуп берди.

Иш-чараны уюштурууга Улуу Британиянын Парламентинин алдындагы «Улуу Британия-Кыргызстан» Жалпы партиялык парламенттик достук тобунун Секретариаты өзүнүн колдоосу менен жардамын берди.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *