Лукашенко Бакиевди юбилейи менен куттуктады. Ал эми ТИМ башка өлкө башчысын тыя алабы?

Мезгил

Беларустун мамлекет башчысы Александр Лукашенко Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен жолугуп, 70 жылдык юбилейи менен куттуктады. Жолугушууну президенттин расмий сайты жарыялады.

Беларусь президенти Лукашенко эгемендүүлүк сарайында Курманбек Бакиевди кабыл алып, көчмөндөрдүн бүркүтү менен аңчылыкка чыкканы тартылган картинаны тартуулады. Аны менен бирге Бакиевге ичке канжар жана гүл белекке берди.  

Ал эми Беларусь башчысы берген картинага карап “бул менин өлкөм го, жылкылар жана бүркүт” – деди Бакиев.

Буга “Бул сенин өлкөң жана сенин чөйрөң. Бул сыймыктуу куш сага окшош… Биз, баарыбыз сенин туулган күнүңө барабыз. Бизге кыргыздын палоосун жасап бересиңби? Палоо сенден, шарап бизден болсун” деп айтты Лукашенко.

Курманбек Бакиев меймандарын кубануу менен тосуп алып, палоону өзү даярдай турганын айтты.

Эске салсак, Курманбек Бакиевдин Минск шаарында өткөн 70 жылдык юбилейин өзбекстандык “Ялла” тобу келип куттуктап ырдаган.

Ал эми бул жолугушуулардан кийин Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Белоруссиянын КРдеги элчиси Сергей Ивановго нота тапшырды. Кызыгы Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги башка өлкө башчысына кимди куттуктайт, кимге жолугат буйрук бере алабы?

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *