Лунара Мамытова отчет берди: Чет өлкөгө болгону 3 жолу гана чыккан, баарында тең өзүнүн акчасы менен барган

Мезгил. 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүу министринин орун басары Лунара Мамытова өзү тууралуу айтылган маалыматтардан улам качан, кайсы жерге, кандай акчага барганын маалымдап коюуну туура тапканын аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева аталган министрликтин жетекчилигин, так эле Лунара Мамытованы дипломатиялык паспортту өз кызыкчылыгына колдонгону үчүн айыптаган.

Министрликтин маалыматы боюнча, Лунара Улукбековна Эмгек жана социалдык өнүктүү министрлигине орун басарлыкка 2016-жылдын 15-ноябрында дайындалган. Бул жаатта иштеп жүргөндө болгону үч гана жолу чет мамлекетке иш сапары менен чыккан.

2017-жылдын 18-29-сентябрында Италиянын Турин шаарына барып, социалдык коргоо боюнча МОТ Академиясынын Жетинчи сессиясына катышкан.

2018-жылдын 30-апрелинен 11-майына чейин АКШга барып, “Социалдык коргоо тармактары боюнча” сынагына катышкан. Бул аталган иш чаралардын уюштуруучуларынан  министрдин орун басары Лунара Мамытовага расмий чакыруу келген. Барып келген чыгашалары чакырган тараптан төлөнгөн.

Ал эми Хайнан аралына депутат Касымалиева белгилегендей дипломатиялык паспорт менен учкан эмес. Анда Мамытова дипломатиялык паспортту колдонгон эмес. Сапар эмгек эргүүсүндө жүргөн учурда болгон жана толугу менен орун басардын жеке каражатынан каржыланган.

 

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *