Өмүрбек Текебаев: Кыргызстанда, биздин жарандарда жаңы мүнөз калыптана баштады

Мезгил

“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 24-ноябрда боло турган курултайдын катышуучуларына жана уюштуруучуларына абактан кайрылуу жөнөттү.

Кайрылууда, «Мындан 4-5 жыл мурун КМШ өлкөлөрүндө социологиялык сурамжылоо болуп, “Сиз өз өлкөңүздөгү ситуацияга таасир эте аласызбы?”, деп ал өлкөлөрдүн жарандарына кайрылышкан.

Кыргызстанда суралган адамдардын 60 пайыздан ашыгы “мен өз өлкөмдөгү ситуацияга таасир эте алам” деп жооп беришкен. Казакстан менен Россияда андай адамдар 20 пайызга жеткен эмес. Казакстан менен Россияда “биз майда адамбыз, жогору жактагылар – чоңдор чечет” деп жооп беришкен.

Кечээ эле бир Советтик өлкөдө болуп, бирдей ой жүгүрткөн адамдар элек. Кыска убакта адамдардын мүнөзү, алардын ишеними, демек алардын сапаты эселеп, кескин айырмаланган өлкөлөр пайда болду»,-деп айтылат.

Өмүрбек Текебаев, «Кыргызстанда, биздин жарандарда жаңы мүнөз калыптана баштады. Ал мүнөз өзүнүн баркын билген, намыстуу, “өз тагдырым колумда” деп өзү үчүн, мамелекет үчүн жоопкерчилик ала билген өлкөнүн кожоюндары пайда боло баштаганын көргөзөт.

Мүнөз –бул тагдыр дегендей, мындай эл менен Кыргызстанды жаркын, чоң келечек күтүп отурат. Бул жаңы мүнөз бир күндө калыптанган жок. Акыркы 25 жылда Кыргызстанда татаал, оомал-төкмөл чоң саясий окуялар болду. Биз жеңиштерге, жоготууларга, кубанычтарга, өкүнүчтөргө кириптер болдук.

Эки жолу элдик революция болду. Революциядан кийинки эйфорияны да көрдүк. Бир топ жыл өткөндөн кийин өкүнүү, көңүл калуулар да болду. Мына ушулардын баары кыргыз элине бир кылымдык тажрыйба берди. Бул тарыхый тажрыйба нефти, газ, алтындан кем эмес улуттук байлык, ресурс.

Курултайдын күн тартиби “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” деп абдан символикалуу коюлуптур. “Кечээ” дегенибиз – биздин окуяларга бай, баатырдык тарыхыбыз.

Биз андан сабак гана албастан, сыймыктана турган тарыхыбыз. «Бүгүн» дегенибиз – биз тарыхка баа берип, анын жыйынтыгында бүгүнкү күндүн проблемасын аныктап, бүгүнкү күндүн диагнозун так коюп, өлкөнүн андан ары өнүгүп кетүү багыттарын аныкташыбыз керек.

Эгер, биз максатты туура койсок, приоритеттерди туура белгилесек, анда биздин эртеңибиз бар-деп жазат.

«Ата Мекен» партиясынын лидери өз кайрылуусунда «Курултай өзүнө тагылган тарыхый миссияны аткарат деп ишенем. Кыргызстанда күчтүү жарандык коом бар. Жарандык коомдун эң таанымал, эң таасирдүү институту – бул Курултай. Кыргызстанда болгон бардык тарыхый өзгөрүүлөр, ошонун ичинде эки жолку элдик революциянын башында Элдик курултай турган. Курултай Кыргызстандагы прогрессивдүү, патриоттук коомдук-саясий күчтөрдү, активдүү позициясы бар жарандарды бириктирген маанилүү, таасирдүү интститут катары таанылып, калыптанып калды.

Курултай элдин пикирин жыйнаган, багыттаган, калыптаган жана легитимдештирген институт болуп калды. Курултай элди шерденткен, мобилизациялаган, уюштурган күч болуп калды.

Ошондуктан, Кыргызстандагы абдан маанилүү окуялар, эки элдик ревлолюция болушуна Элдик курултайдын ролу абдан зор болгон», -деп баса белгилейт.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *