Мезгил
Мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин кылмыш иши кайрадан каралып чыгат. Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук соту процессти 23-апрелде баштайт.
Кылмыш иши быйыл 1-январда күчүнө кирген Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык жаңы кодекстеринин күчүнө киришине байланыштуу кайра каралат.
Текебаев “орусиялык ишкерден 1 миллион доллар акча алды” деген айыптын негизинде 2017-жылы камакка алынган. Өзү болсо бардык айыптарды четке кагып, муну саясий куугунтук катары баалап келет.
Эске салсак, Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов коррупцияга айыпталып, мүлктү конфискациялоо менен 8 жылдан эркинен ажыратылышкан.