Өмүрбек Текебаевдин өлүмү кимге керек?

Мезгил. 

Фейсбук тармагынын Адилет Алиев аттуу колдонуучусу 22-сентябрдын түнү баракчасына жүрөк үшүн алган маалымат жарыялаган. Ал учурда абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жүрөк оорусу кармап каза тапканын жарыялаган. Бул маалымат башка колдонуучулар тарабынан кабыл алына баштаганда, өчүрүлгөн.

Жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматы Текебаевдин ден соолугу жайында экенин кабарлады. Аталган мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова  №47-түзөтүү абагына барып саясатчы менен жолугушкан.

Айтымында, Текебаевдин абалы жакшы. Өзү тууралуу жалган маалымат тараганын угуп, таң калган. Учурда ал китеп окуу менен алектенип жатат.  

 Ал эми “Ата Мекен” партиясы бул боюнча мындай билдирүү таратты: 

“22-сентябрда Фейсбук тармагында “Ата Мекен” партиясынын лидери жүрөк оорусунан улам кайтыш болду деген маалырам жарыяланды. Текебаев №47 түзөтүү абагында мурдагыдай эле кармалууда.  Мындай жалган маалыматты таратууга кимдер кызыкдар болгону жана алардын максаты эмне экени азырынча белгисиз”.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *