Өмүрбекова: Коронавируска карата Кытай бизден жардам сурап кайрылды

Мезгил

Кытай мамлекети короновируска карата гуманитардык жардам сурап бир катар мамлекеттерге кайрылган. Бул өтүнүч ШКУ мүчө катары Кыргызстанга да келген. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

   -Кытай   дезинфекциялоочу каражат, бир жолу колдонмо халат жана бет каптан кол кабыш кылгыла деп көптөгөн мамлекеттерге кайрылуу жиберген. Бизге дагы ШКУ мүчөсү катары ошондой кат келген. Биз жооп катары жардам берүү ниетиндебиз- деди Өмүрбекова.

Белгилей кетсек, буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстан короновируска карата жыйын өтөрүп Кытайга жардам берүүгө белсенип жатканын билдирген.  

«Биз коронавирус инфекциясынан тез арылуу максатында кытай тарап менен өз ара тыгыз кызматташуу багытын колдойбуз. Кытай Эл Республикасынын бийлиги вирустун жайылышын токтотуу жана анын кесепеттерин азайтуу боюнча активдүү иш-чараларды активдүү жүргүзүп жатат. Тышкы иштер министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кытайлык өнөктөштөргө гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө маселени иштеп чыгуулары зарыл», – деген өкмөт башчы.  

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *