Өмүрбекова: медицинада айрым көрсөткүчтөр жакшырганы менен эне баланын өлүмүнүн саны жогору бойдон калууда

Мезгил

Бүгүн, 21-августта вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун баалоо миссиясынын мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда дары-дармектердин, жогорку технологиялардын кызматтарын жеткиликтүү деңгээлде жана медициналык кызматтарды жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул туурасында вице-премьер министр төмөндөгүдөй пикирин билдирди.

– Акыркы жылдары жүрөк, кан-тамыр ооруларынан, кургак учук жана инсульттан өлүмдүн азайышы бир кыйла жакшырды. Бирок буга карабай бир катар маселелер бар. Белгилүү бир көрсөткүчтөр жакшырганы менен, эне менен баланын өлүмүнүн саны жогору бойдон калууда. Онкологиялык, жүрөк кан-тамыр, диабет, өнөкөт респиратордук жана психикалык оорулар боюнча бир топ маселелер бар – деди Өмүрбекова.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун миссиясынын өкүлдөрү, саламаттык сактоо тармагына анализ жүргүзүп, акыркы беш жылда өлкөдө жасалган реформалар менен таанышып чыгышты.  Алар жетишкендиктер менен бирге реформага муктаж болгон маселелерди айтышты.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *