Мезгил
Ордо калаанын Үмөталиев көчөсү кыймылга жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүнтөн тартып анын Москва-Бөкөнбаев бөлүгүндө ремонттук иштер аткарылат. Асфальттын жаңы катмары төшөлүп, бордрлар орнотулмакчы. Кайра калыбына келтирүү иштери 15-октябрда жыйынтыкталат деп пландалууда.
Альтернативалык вариант катары айдоочуларга Турусбеков жана Калык Акиев көчөлөрүсунушталат.
Булак: Мезгил Ньюс