Үмөталиева: Сооронбай Жээнбеков Айдар Акаевдин сөөгүн өз мекенине алып келүүгө шарт түзүп берүүсү керек

Мезгил

Ѳлкѳ башчысы атайын топ түзүп, Аскар Акаевдин тун баласы Айдар Акаевдин сөөгүн өзүнүн мекенине, аталары коюлган бейитке, алып келип коюну сунушташы абзел. Бул тууралуу укук коргоочу укук коргоочу Токтайым Үмөталиева билдирди.

Анын айтымында бүгүн тууганы, кийин уулу жаш кетип, кыргыз элинин тунгуч президенти Аскар Акаевдин эки кабыргасы кайышып, бир эмес эки канаты кайрылып турган кез.

-Улуу урматтуу Сооронбай Шарипович, эгерде элди бөлүп жарылуудан сактап калам десеңиз, комиссия түзүп, Москвага атайын бортту жөнөтүшүңүз керек. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловго ыйгарым укук берип, Айдар Акаевдин сөөгүн өз мекенине алып келүүгө, аны акыркы сапарга узатууга шарт түзүп берүү кажет. Себеби ал кыргыздын жараны жана анын туугандары мекенинде гана сөөгүн жерге бериши керек-деди Токтайым Үмөталиева

Ошондой эле укук коргоочу   Айдар соттолгон жок. Аны же Атасын күнөѳлүү деп бир да сот чечим чыгара алган жок. Кыргыздын Тунгуч Президенти деген наамды ал кишиден эч ким тартып ала албайт. Бул наам ташка баскандай Кыргыздын Жаңы Тарыхынын бет ачары болуп калды-деп билдирет.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *