Мезгил
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Султанбаева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Эске салсак, Айнура Султанбаева аталган кызматта 2017-жылдын декабрынан тарта иштеп баштаган.