Мадумаров: “Атамда, апамда Атамбаев” дегендер кана? Жанына барбайсыңарбы?

   Мезгил

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Өзгөн шаарында китептин ачылышында сөз сүйлөп жатып, “Атамда Атамбаев, апамда Атамбаев” дегендер кана жанына барбайсыңарбы? деди.

–“Заман качан оңолот?  Жакшы адилеттүү инсандын бийликке келишин көпкө чейин күтүшүбүз керекпи?”  деп бирөө бир акылмандан сураса ал: “күтсөңөр көпкө чейин күтөсүңөр деген экен.  “Жок, эгер таза заманды курабыз десеңер, эртең куруп аласыңар.  Эгер күтөбүз десеңер күткүлө, бир өмүр кетеби, эки өмүр кетеби, анда күтүп отура бергиле дептир.

Ошол сыяктуу эгерде биз күрөшөбүз десек, күрөшөлү. Мен мындай жерде бул сөздөрдү да айтпайт элем. Китеп жөнүндө айтат элем. Бирок мени мажбур кылып жатасыңар. Арамдан келген бийлик арамдыгын көрсөтөтүп жаткандыгына  мени мажбур кылып жатасыңар.   Атамбаев эле Атамбаев. Атамдагы Атамбаев, апам дагы Атамбаев деп жүргөндөр кайда бүгүн? Атамбаевге каршы чыккандарды кудай урсун деп кыйкырган мэрлер кайда бүгүн?  Аларга эмне болду бүгүн жанына барбайбы?!  Андыктан менин үмүтүм Москвада, Россиянын шаарларында   жүргөн  биздин жигиттерибизде.      Ошолор  гана биздин заманды өзгөртпөсө, бул жакта калгандардын колубуздан келбей калды деген жүрөк жок болуп калды. Сыртта иштеп жүргөн биздин мекендештерибизге  кудай ден соолук, күч кубат берсин- дейт Мадумаров.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *